28 апрель 2026

Кароолор: 6

Баткен шаарындагы 1224 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө

Баткен шаарындагы 1224 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Россия Федерациясынын каржылоосу менен Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда курулушу башталган 1224 орундуу мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Учурда курулуш аянтчасында пайдубал үчүн жер казуу жана бетондоо иштери аткарылды.

Мындан тышкары, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин инженердик-коммуникациялык тармактарына байланыштуу тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Облус башчысы курулуштун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү кызматтарга колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган билим берүү мекемеси пайдаланууга берилгенден кийин, ата -мекендик мугалимдер менен атайын Орусиядан келген мугалимдер билим берет. Окуучулар Кыргызстандын жана Орусиянын күбөлүктөрүнө ээ болушат.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында акыркы жылдары орус тилдүү мектепке болгон элдин суроо талабы жогорулап, мектеп жетишпестиги жаралган.Орус тилде билим берген жаңы мектептин курулушу бул муктаждыкты жеңилдетүү аракети болуп саналат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы